www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Жогорку муфтийи Талгат Тажуддин Мухаммед пайгамбардын карикатураларын “болбогон нерсе” деп атады. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.
"Болбогон бир нерсе үчүн, кимдир бирөө бир нерсени тарткандыгы үчүн согуш жарыялоо, душман катары көрүү – бул кудайга да, кудайдын жердеги өкүлдөрүнө да, динге ишенген кишилерге да жакпаган нерсе, бул бизге каршы келет", – деди жогорку муфтий.
Ал Мухаммед пайгамбар өч алууну үгүттөбөгөнүн жана кечиримдүүлүктү баалаганын белгиледи.
Талгат Тажуддин Француз президенти Эммануэль Макрон менен аны колдогон француздарды бардык мусулмандардын душманы деп атаган Чеченстандын муфтийинин сөзүн анын жеке пикири деп атады.
16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга Charlie Hebdo журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.
26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген. Ал Франция сөз эркиндигинен, карикатурадан баш тартпай турганын айтып, бул окуяларды "исламчыл террорчул чабуул" деп мүнөздөгөн.
Мындан соң Түркия президенти Режеп Эрдоган Макронду расизмге айыптап, Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров “Макрон тымызын түрдө мусулмандарды теракт жасоого чакырууда” деп айткан.
Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кадыровдун сөзүнө комментарий берип жатып, субъектилердин башчылары тышкы саясат менен алектенбеши керек экенин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg