www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перудагы Лина Медина аттуу 5 жаштагы кыз медицинанын тарыхындагы эң жаш эне аталган.
Бул кыз эң эле жакыр кыштакта 1933-жылы жарык дүйнөгө келип, 1939-жылы 14-майда 5 жаш 7 айында төрөгөн. Анын кош бойлуу экенин эч ким ойлогон дагы эмес. Качан курсагы чыгып калган учурда, шишик экен деп ойлошкон. Бирок дарыгерлер чындыгында Линанын 7 айлык боюнда бар экендигин тактыкташкан.
Доктур Херардо Лосада кызды кошумча көзөмөл жүргүзүү үчүн Лимага алып барды. Ал жактан дагы кош бойлуу экендигин аныкташкан. Лина эң жаш курагында гормоналдык өзгөрүүгө дуушар болуп, жыныстык жактан эрте жетилген. 8 айында этек кири башталып, 4 жашында сүт бездери чоңоюп баштаган. 5 жашында болсо жамбаш сөөгү чоңоюп баштаган. Бирок кыз баягы кичинекей бойдон кала берди жана табигый төрөтүү мүмкүн болгон эмес. Линаны кесарево жолу менен төрөтүп, баласын сактап калышты. Жарык дүйнөгө ден соолугу чың салмагы 2 кг. 700 гр. болгон бала төрөлдү. Төрөткөн аял Херардонун атынан баланын ысымы коюлду. Уулу энеси менен кошо эле тарбияланып, чоңойгон. Херардо 10 жашка чейин Линаны эжем деп ойлогон.
Булак: NazarNews.kg