www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, 2019-жылдын 1-январынан баштап “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бузуулардын бирдиктүү реестри - Бузууларды бирдиктүү реестри (ББР) — катталган бузуулар жана аларды жасаган жактар, ошондой эле аларга карата колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган автоматташтырылган маалыматтык тутум. Ушунун негизинде, 29 мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилген.

Аталган тутум административдик материалдарга, алар боюнча кабыл алынган чечимдер, андан сырткары төлөнгөн айып пулдардын статусу боюнча борборлоштурулган маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн арналган.

Система-интегратор аркылуу автоматташтырылган маалыматтык тутумдун программасы ИИОдо каралган административдик иштер боюнча айып пулдардын төлөмүн каттоону киргизүүгө мүмкүндүк берет жана төлөмдү көзөмөлдөөгө дагы болот.

Аталган тутум административдик материалдар, ал боюнча кабыл алынган чечимдер, андан сырткары төлөнгөн айып пулдардын статусу боюнча борборлоштурулган маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн арналган. Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн тутум банктык мекемелер менен кошо “Кыргыз почтасы”  төлөм картасына бириктирилген. 

Азыркы учурда 2020-жылдын 24-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 87999 бузуулар катталып, алардын ичинен -1446 эскертүү берилип, жалпы суммасы  135 967 500 сомду түзгөн айып пул которулган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости