www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус эли төрөлө электе Энесайда Кыргыз Улуу империясы түзүлгөн. Миңдеген жыл мурун жашаган ушул империя биздин күнгө чейин өмүр сүрсө аймагы азыр Азияны жиреген, калкы көп зор мамлекет болмок. Атаганат, түрк урууларынын көбү орусташып кеткен. Арийне, 50 миллион элди жиреп турган күрд, уйгурларга караганда Кыргызстан мамлекети бар.

Ички дүң өндүрүмү боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 0,01% ээлеп, 189 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат. Ички дүң өндүрүмү канчалык жогору болсо, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү да ошончолук жакшы болот. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн төмөндөшү, мамлекеттик бюджеттин кемиши менен элдин да жашоо деңгээли төмөндөгөнүн билдирет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ички дүң өндүрүмүнүн төмөндөшүнүн эң чоң пайызы, атап айтканда минус 3,8% Кыргызстанда байкалганын Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары жарыялашкан. ЕАЭБ мүчөлөрүнүн арасында ички дүң өндүрүмүнүн төмөндөшү - Казакстанда - 0,2%; Орусияда - 1,9%, Арменияда - 1,7%, Беларусияда - 3,3% болгон. 2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 540 млрд. сом болгон. Эң чоң салымды, дээрлик 47%, тейлөө тармагы кошкон. Бул соодада, мейманканаларда, ресторандарда иштегендер, автоунаа оңдоо, маалымат жана байланыш жана башка акы төлөнүүчү кызматтарда эмгек кылгандар. Экинчилерден болуп ички дүң өндүрүмүнө кошкон салымынын көлөмү боюнча, тактап айтканда 39% жакын, куруучулар, айыл чарба жана өнөр жай товарларын, электр энергия жана кайра иштетилүүчү материалдарды жана башка товарларды чыгарган өндүрүүчүлөр киргизген. Ички дүң өндүрүмүнүн калган 14% - бул ошол эле өндүрүлгөн товарларга чегерилген салыктар түзгөн. 2020-жылы пандемияга карата ИДП төмөндөп кетти. Вице-премьерлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаровдор радио жыштыгына карабай чуркап иштеш керек эле.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости