www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коргоо министрлигинин кадрлар жана аскердик билим берүү департаментинин экс-башчысы пара алгандыгы үчүн беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына шилтеме берип билдирди.
"2019-жылдын май айында соттолгон киши аскерди кызматка дайындаганы үчүн 200 миң теңге (ошол кездеги курс боюнча 520 доллардан ашык) пара алгандыгы аныкталды", — деп министрликтен билдиришкен.
Акмола гарнизонунун аскер сотунун өкүмү менен генерал-майор мамлекеттик кызматта иштөө укугунан өмүр бою ажыратылып, беш жылга абакка кесилди.
Мындан тышкары, сот президентке соттолгон жаранды "генерал-майор" наамынан жана "Ормет" орденинен ажыратуу сунушун киргизгени жатат.
ЖМКлар генерал-майордун аты-жөнү Кайрат Көпбаев экендигин жазышкан.
Булак: NazarNews.kg