www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ бир компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 500 миң сом пара менен кармалган экспертти тендердик комиссияга киргизүүгө эки депутат түртмөлөгөн. Бул тууралуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Айбек Журунов билдирди.

Бүгүн парламентте күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маселе каралып жатканда вице-спикер Мирлан Бакиров пара менен кармалган энергетика тармагы боюнча эксперт, тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев кайда иштей турганын сурады.

"Бул киши бизге тендердик комиссияга катышам деп былтыртан бери келип жүрөт. Быйыл киргизбей койгонго аракет кылганбыз. Бирок депутаттардын өтүнүчү менен кирип калган", — деп жооп берди Журунов.

Мындан улам Бакиров аны түртмөлөгөн депутаттар ким экенине кызыкты.

Анда "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары алар Умбеталы Кыдыралиев менен Экмат Байбакбаев аттуу Жогорку Кеңештин депутаттары деп айтты.

Белгилей кетсек, УКМК 5-ноябрда "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринин көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү Расул Умбеталиев 500 миң сом пара талап кылган деп кармаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, ишкер күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алуу боюнча тендерге катышкан. Умбеталиев маселени оң жагына чечип берүү үчүн андан "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ири суммадагы акча талап кылган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости