www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 4-ноябрда КРнын Россия Федерациясындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Эркин Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде Словения Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бранко Раковец менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-словения кызматташтыгынын күн тартиби боюнча пикир алышты.

Кыргыз тарап, учурда Кыргызстанда саясий кырдаал турукташкандыгын, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгенин, президенттик шайлоо, конституциялык реформалар жана парламенттик шайлоо өткөрүү күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Тараптар эл аралык, аймактык жана интеграциялык уюмдардын алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашып, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы туруу жолдорун карап чыгышты.

Бардык деңгээлдерде тыгыз байланышты сактоо, өз ара пайдалуу саясий диалогду чыңдоо, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жайылтуу, ошондой эле аймактар ​​аралык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Элчи Бранко Раковец 2021-2024-жылдар аралыгында ДСУнун Аткаруу Комитетине шайлоодо Словения тарапты колдогону үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди.Тараптар Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы достук мамилелерди ар кандай тармактарда өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости