www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва облусунда көпүрө урап, 51 кыргызстандык жабыркаган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

"Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ступиного борбордук аппараттын криминалисттерин жиберди. Жакынкы аралыкта окуя болгон жерди текшерип башташат. Тергөө бардык жагдайды жана жумушчулардын массалык түрдө жаракат алган себебин аныктап чыкмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости