www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-октябрда Кыргыз эли Жогорку Кеңештин депутаттарынын жаңы курамын шайлайт. Өлкөбүздүн келечеги, мындан аркы өнүгүүсү парламенттин жаңы чакырылышына келчү депутаттардан көз каранды.Шайлоого аттанып жаткан “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер 26-сентябрда Мырза-Аке эли менен жолугушуп, алдыдагы максаттарын айтышты. Партияны колдоп, жыйналышка келген адамдардын саны да көп болду. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына көп тармактарда ийгилик жараткан инсандар, демилгелүү жаштар топтолгон. Жергиликтүү эл партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары аттанып жатышкан Канатбек Маматов, Алтынбек Ташиев, Максат Ибраимов жана Чыңгыз Талиповдорду дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.  “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депуттаттыкка талапкер Канатбек Маматов алгач эле ичине толуп турган ойлорун эл менен бөлүшүп, көп көйгөйлөрдү көргөнүн айтты. Айтымында, өлкөнү өнүктүрүүгө мезгил келди.

“Биздин партия менен жаңы жүздөр, таза инсандар шайлоого бара жатышат. Сиздердин алдыңыздарга Өзгөн боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан жаш жигиттерди алып келдим. Алдыңыздарда турган балдардын, партиянын жана менин да жеке максатым - элдин жашоосун өзгөртүү, жакшыртуу. Сиздер жакшы жашоо турмушка татыктуусуздар. Кудай буюрса сиздер менен бирге саны көп, сапаты жок аткаминерлерден арылабыз”, - деди Маматов.

Жыйын учурунда “Мекеним Кыргызстан” партиясына ийгилик калаап, ак батасын берген апалар да болду. Калк айтса, калп айтпайт демекчи жыйынга келген эл партиядан, анын ичинен Канатбек Маматовдон үмүтү чоң экенин белгилешти. Айтымдарында, бул партия алар ишенген келечекти кура алат.

Партияны колдойм дегендердин бири  Мыскал Аманбекова.  “Партиянын артыкчылыктары көп экен. Айрыкча жаштардын көптүгүнө басым жасагым келет.  Биз мындан мурунку убакта улуу жаштагы талапкерлерди шайлай берип жыйынтык жок тажап калдык.  Азыр бала чакаларымдын баары талаалап жүрөт.  Партиядагы жаштар жашоону көтөрөт деп өзүм жаштарды колдоп, ушул партияны тандап жатам”, - дейт ал.

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канатбек Маматовдун партия платформасынан тышкары дарекетүү пландары:

Ар бир үйгө таза суу, жарык көчөлөр жана интернет;

Жеке ишкерликти колдоо, жумуш орундарын түзүү;

Тазалык айылыбызга, айылыбыз баарыбызга!

Асфальттанган таза жолдор;

Социалдык турак жайларды куруу.

Коопсуздукту бекемдөө, дыйкан фермерлерге колдоо көрсөтүү.

Сергек жашоого үндөө, спорт менен машыгуу.

Ардактуу мекендеш, өлкөбүздүн келечеги, сиздин тандоодон көз каранды.

Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4- октябрда 4-номерди тандаңыз.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости