www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык стратегиясы бекитилди

2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

Мындан тышкары, өкмөтүн, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жуманын ичинде даярдашы зарыл.

Белгилей кетсек, жаңы документке ылайык, өкмөт мамлекеттик органдар тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү сунушталды.

Эске салсак, жаңы антикоррупциялык стратегия Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында каралган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости