Октябрь айы тууралуу, Айдын жаңырышы да байыркы кыргыз эсепчилерине таасир берген
Кыска-нуска  |   |  1653

Байыркы убактардан тартып эле кыргыздар күн менен айдын мезгилдик ырааттуу кыймылдарын убакытты өлчөөдө колдонуп келген. Астрономия илими жана байланыш технологиясы өнүккөн азыркы учурда айлардын башталышы жана бүтүшү күмөн туудурбай турган абалда эсептелип, аныкталып жатканы маалым. Ал эми башка байыркы эл сыяктуу эле кыргыз элинде атайын аба-ырайын алдын-ала болжолдоп турган эсепчилер чыгышкан. Мисалы ошондой эсепчинин бири Эсенбай эсепчи бир жыл алдын-ала аба-ырайын аныктаган. Айдын жаңырышы  боюнча да бир ай алдын-ала аныктай алган. Эгерде ай чалкасынан жаңыра турган болсо, Айдын өзүно тынч болот да, калайык-калкка кыйынчылык түшүшү мүмкүн деген. Ал эми тескерисинче тигинен жаңырса ,  калайык-калкка тынч болот да, айдын өзүно кыйын болот деп алдын-ала айткан. Кокусунан ай кыйгачынан жаңыра турган болсо, “Сактыкка кордук жок” аба-ырайы катаал болуп кетиши да мүмкүн, ошондуктан сактанып туруш керек деген.  

Тойду качан өткөзүү жагын да Эсенбай сыяктуу эсепчилерден сурап тактап алышкан. Тогоол – үркөрдүн ай менен тоголушун, айдын анык кайсы ай экенин билмекке колдонушкан. Ата-бабаларыбыз Үркөр топ жылдызынын көзгө көрүнгөн кээ бир белгилерине өзгөчө маани берип келишкен, “урпактар унутпасын, тогоол күнү жагымсыз, ашуу ашпайт, ууга чыкпайт, той-томолок өткөрбөйт, деги эле жандуунун бардыгына жагымсыз үч күн созулат” дешкен. Тогоол күндөргө көңүл буруусунун бирден бир себеби, тогоол күндөрү сөзсүз түрдө аба ырайы өзгөргөн. Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошуусу Жерге, көчмөн турмушта жашаган кыргыздарга да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондуктан, тогоол күндөрү көчүп-конуу, жайыт которуу, жол жүрүү иштери токтотулуп, тогоолдун өтүшүн күтүшкөн. Тогоол күндүн алдында малын толукташып, тогоол күн өткөнчө малына сак болушкан. Тогуз тогоолдон баштап кийиктердин аты кошулбайт. Бул айда куут аяктагандыктан, ай аттары тогоолго жараша, тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы деп айтылат. Октябрдын башында Ай жаңыргандан үч күндөн кийин Үркөргө тогошуу (тогоол) болгондуктан, бул ай тогуздун айы аталат. Бул айдын аягында Үркөр батып кетет. Кийинки тогоол Ай жаңырган күнгө туш келип, Ай-Үркөр жылынын 13-айы жетинин айы деп аталат. Бул кубулуш күндүзү болгондуктан, көрүнбөйт. Муну, кыргыз жыл санакчылары эсептөө жолу менен аныкташкан.

Кыргыз эң байыркы замандан бирөөгө ызааттап мал берсе, кудалыкка мал алып барса, тартуу берсе, тогуздап барган. Мисалы: 9 атка байге саюу, ханга тогуздап тартуу менен баруу (хан тартуусу тогуз деген макал) жана аялдардын элечегин тогуз кабат, же жети кабат кылып оронуу, ошол адат боюнча бул айды тогуздун айы десе керек.  «Тогуздун айында белдик чечилет» деген сөздө, кой кууту күздүн аягында баштала тургандыгы жөнүндө айтылат. Көчмөн кыргыздар кой туутун ызгаардуу кышта эмес, жазында өткөрүш үчүн кочкорлорго белдик тартып коюшкан. Октябрдын аягы, ноябрдын башында белдикти чечип, куутту башташкан.

Октябрь айынын 15 жарыгы «акрап маалы», 15 караңгысы «кабыс маалы» аталат. Жетинин айы он үч жаңысынан тогойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями