www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Краснодар крайынын полиция кызматкерлери Орусиянын Армавир шаарынын тургунуна козголгон кылмыш иши боюнча иликтөөнүн аягына чыгышты.

РИА Новости билдиргендей, иш козголгон аял пенсияга чыккан жалгыз бой кишилерге турмушка чыгып, аларга тиешелүү мүлктү сатып, акчасын өзүнө алып турган. Ал эми күйөөлөрү белгисиз себептерден улам көз жумушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, 53 жаштагы аял кыздары менен атайын жалгыз жашаган эркектерди издеп, ал адамдарга турмушка чыкчу. Ал эми кыздары улгайган кишилердин ишеничине кирип, мүлкүн — жер, үй, Армавир, Краснодар жана Сочидеги батирлерин алып калууга аракет кылышкан.

Башка учурларда аялдын кыздары жабыркагандардын тууганы, мураскору болуп калабыз деп көндүрүшкөн.

Шылуундардын шериги Новокубанск шаарында риелтор болуп иштеген 57 жаштагы аял экени да маалым болгон.

"Алар келтирген чыгымдын жалпы суммасы 21,7 миллион рубль болуп чыкты. 2013-жылдан 2019-жылга чейин бул аялдар 12 кылмыш ишин жасап, жабыркаган 11 адам көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы жазылган корутунду сотко жөнөтүлгөнү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости