www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элди азык-түлүктүн, бензиндин баасы көтөрүлүп, доллардын куну өсүп, баратканы анчалык ойлондурбагандай туюлат. Мындай пикирин журналист Сайпидин Султаналиев бүгүн, 5-февралда өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Ким кайсыл кызматка келди? Кимди туура эмес кызматтан алды? Кимди ким колдоп жатат деп кадыры кеткен кадрлар тууралуу талкуу көбөйдү.
Элди азык-түлүктүн, бензиндин баасы көтөрүлүп, доллардын куну өсүп, баратканы анчалык ойлондурбагандай туюлат.
Өз деңгээлин билбей эле «кожоюндун» колдоосу менен кресло ээлегендер карапайым калктын кызыкчылыгын көздөбөйт. Айлык-маянаңарга бир тыйын кошулбайт.
Ал эми кымбатчылык тооруса, карапайым элдин ар биринин жону жукарат. Чөнтөк эңшерилет... Белчебизден карызга батабыз... Жакшы жашоо издеп башка өлкөлөргө кетүүгө туура келет...
Туугандар!!!
«так што» кызматка баргандар менен кызматка жетпей калган тааныш-тунушубузду талкуулап, таарынычыбызды соц. тармактардан чыгарбай өз арбайыбызды соголу...
«Тал кармайлы» ...», - деп кошумчалаган ал.
Булак: NazarNews.kg