www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы 6-кичирайонунда өрттө каза болгон маркумдун өздүгү такталды. Бул тууралуу ШИИБден маалымдашты.

Маалымат боюнча, өрттөн 25 жаштагы жигит каза болгон. Маркум тез тамактануучу жайда иштеген-иштебегендиги тууралуу милиция кызматкерлери тактай алышкан эмес. Буга чейин каза болгон жаран тандырда иштеген деп маалымдашкан.

Маалым болгондой, тез тамактануучу жайды 31 жаштагы жаран ижарага алып иштетип келген. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Милиция кызматкерлери окуя Октябрь районунун ИИБне Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 261-берене «өрт коопсуздугун бузуу»  боюнча сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатканын билдиришти.

Эске сала кетсек, 15-июнда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын 6-кичирайонундагы «Шаурма на мангале» тез тамактануучу жайынын тандыр самса жана нан бышырган бөлүгүнөн өрт чыккан. Өрт бир саатка созулуп, алты өрт өчүргүч бөлүмү аталган жерге тартылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости