www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары мектептерде окуусун улантышат. Мындай чечим 30-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда 1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуу боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде балдар менен катар эле мугалимдердин да дене табы өлчөнөт, бет кап кийүү милдеттүү болот. Мындан тышкары кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда коронавирустун белгилеринин бар-жогу жөнүндө анкета толтурушат.

Мектептер балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Анда пайдаланылуучу каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдөн ашпашы керек. Класстар желдетилип турушу зарыл.

Окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Окуучулар аралыкты сактоо менен отургузулат. Балдар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

Муну менен катар мектептерде түрдүү иш-чаларды өткөрүүгө, ата-энелердин жана башка жарандардын киришине уруксат жок.

Өкмөттүн маалыматында 7-11-класстардын окуусу жана бала бакчалардын иши качан жанданары тууралуу сөз жок.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы бардык билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөн. Өткөн окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында мектептерден окууга 1-класстарга гана уруксат берилип, башка класстар аралыктан окутуу форматында калтырылган. 

Булак: centralasian

Последние новости