www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчынын өкүлдөрү Бишкектин райондук милиция бөлүмдөрүн кыдырып чыгып, баарында кармалгандардын конституциялык укуктары бузулуп жатканын аныкташты. Бул тууралуу 1-октябрда акыйкатчынын кеңсеси маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 29-30-сентябрда Ленин, Биринчи Май жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмдөрүндө күтүүсүз текшерүү жүргүзүлдү. Ага чейин ушундай эле текшерүү Свердлов райондук милициясында өткөн.

Кылмышка шектүү катары убактылуу камалгандардын кармоо шарты, санитардык-гигиеналык абалы, аларды тамак-аш жана уктай турган орун менен камсыз кылуу иши талапка жооп бербей жатканы белгиленди. Аларды райондук милициянын имаратында үч сааттан ашык кармоо таш боор жана адамкерчиликсиз мамилеге тете экени айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыйноого каршы улуттук борбор да Бишкектин милиция бөлүмдөрүндө камакта отургандардын шартына ушундай баа берип, тийиштүү мекемелерди бул маселеге көңүл бурууга чакырган.

Милиция жетекчилиги мындай абал түзүлгөнүнө шаардык убактылуу камак жайы коронавируска анализ тапшыргандарды гана кабыл алып жатканы себеп экенин билдирген. Ал эми кармоо шарттары тууралуу айтылган сынга шаардык милиция жооп бере элек.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда тергөө абактарында адамдар өтө көп экенин, алардын айрымдары күнөөсү далилдене элек болсо да айдап-жылдап камакта отурганын, тергөө да, сот да создуккан учурлар бар экенин укук коргоочулар айтып жүрүшөт. Мындай маселе актуалдуу экени президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралында өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында да белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости