www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

60 студенттен 174 миң доллар алган ректор

60 студенттен 174 миң доллар алган Илим жана бизнес эл аралык университетинин ректору Нургалы Асаналиев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал чек арадан колго түшүп, учурда Октябрь райондук милиция бөлүмүндө көрсөтмө берип жатат.

Буга чейин айрым Индиядан келген студенттер ректоруна арызданып маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар университеттин башчысы 60 студенттен 2900 доллардан контракттын акчасын алып, төлөм кабыл алган чекти кийин берем деп алдап кеткенин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости