www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз дегенде Манасты, Манас дегенде кыргыз деген эл бар экендигин дүйнө таанырын бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой мактанып келебиз. Арийне айтылган сөздүн чындыгы бар, бирок дал ошол кыргыздын кашкасы катары туу тутуп келген Манасты даңазалаганыбыз менен койнунда котур таштары барлар чекесинен жоготуп жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Албетте миңдеген жылдар бою жоголбогон эпос кантип эле жоголуп кетиши мүмкүн деген суроо пайда болбой койбойт. Бирок сөздүн төркүнү дал ошол Манас эпосун жомок эмес тарых катары көрсөтүп келген Манас Ордо комплекси. Андагы баалуулуктар, күмбөзү, кароол дөбөсү, айланасында табылган баа жеткис тарыхый табылгалары болуп эсептелинет эмеспи. Мына ошол тарыхый комплекстеги бүгүнкү абал менен көпчүлүк тааныш эмес. Комплекстеги баш аламандыкты тыйып кой деген кожо, ай деген ажо жоктой. Бир гана уятынан кароол дөбө менен күмбөздү көчүрүп кете албай жатат болбосо аны да сатып жибере тургандай абалга келип калгандыгын археологдор да айтып жаткандыгына кулак салган жан жок. Айтмакчы мындан бир жыл мурун Баткендеги мумияны көмүп кайра алып чыкканы үчүн министр садага чабылганы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Бирок ал мумиядан дагы кымбат кыргыздын баалуулугу болгон тарыхый  балбал таштардын сатылып кет кендигин угуп жакаңды кармайсың.

Кеп башынан болсун демекчи 2006-жылы кыргызстандык археологдор Манас Ордо комплексинин аймагындагы Камырдын Бели деген жерди изилдөөгө алышат. Дал ошол жерде жайнаган балбал таштар, археологиялык табылга, жазуу эн тамгалар түшүрүлгөн таштар болгондугун өз көздөрү менен көрүп ал тургай китепке дагы түшүрүшкөн. Бирок 2011 –жылы кайра эле ошол изилдөөнү улантууга барган археологдор таштардын омурулган ордун жана чоң машинанын изин гана көрүшкөн. Буга түздөн түз жооп бере турган Манас Ордо комплексинин жетекчилигинен сурашканда ийин куушуруп гана жооп берген экен. Мындай баалуу тарыхый эстеликти бирөөгө белекке бердиби же саттыбы айтор комплекстин ичине чоң унаанын кирип жүктөп кеткенин билбеген, көрбөгөн жетекчилик майда эмне буюм уурдалганын сезбесе да керек.  Айтмакчы балким дал ушул комплекстин директору пенсия курагына келгени менен иштеп жатыптыр, чындап кулак менен көздөн жаза тайып аткан жокпу деген дагы суроо туулат. Анткени дээрлик 20 жылдан бери түшпөс хандай иштеп жаткан бул директорду кызматтан кетирүүгө эч кимдин дити барбай жатабы же маданият министрлиги миң долларлап экспонат алып келгенди эле билеби, айтоор дал ушундай тарыхый билими жок, тарыхтан алыс адамды жетекчи кылып отургандан улам баалуу балбал таштар жоголуп отурат. Итке темирдин кереги не дегендей эле директор тарыхчы, кыргыздын салт санаасын сыйлабаган адам болгондон кийин ага балбал таштын бир тыйынчалык баасы жоктой сезилип жатса керек.

Кошумчалай кете турчу жагдай тээ Акаев доорунда жазалгандан бери алгылыктуу иш жазалбаган Манас Ордо комплексинин башына кесипкөй адис келмейин, иттин доолдай тиктирем дегениндей, эч нерсеси жазалбай, оңдолуп түзөлбөй, тарыхый этнографиялык комплексибизди ат сарайга айландырып жиберүү коркунучу бар экендигин тарыхчылар билдирүүдө. Ар бир кыргызмын деген жаран мындай акмакчылыкка каршы турбаса, эртең комплекстин өзүн сатпайт деген кепилдикти эч ким бере албайт.  Ал эми биздин маданият министрлиги кекиртектен ары бир нерсесин өткөрүп жибергенби же сол чөнтөгүнө солоп жибердиби, же балким Манас Ордо комплексинин директорунун “крышасы” аябай күчтүүбү айтоор  директорун кетирмек түгүл, иш план, отчетун да сураганга дити барбай келет. Балким Президентибиз Сооронбай Шарипович аймактарды өнүктүрүү жылында ушул аймактагы ажыдаарларды кетирип, кесипкөй адистерди алып келип калабы деген чолок үмүт менен жооп күтөлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости