www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Керман провинциясынын Мандана Хажариан аттуу тургуну 60 жаш курагында 184 жолу кан тапшырып, дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мандана айым алгачкы жолу 1975-жылы Рамазан айынын үчүнчү күнүндө кан тапшырган. Учурда ал Иранда жана дүйнөдө кан тапшыруу боюнча рекорд коюп, анын үй-бүлөсү бул рекордду анын атына  каттатышты.

Мандана айым чет өлкөдөгү кан тапшыруусу боюнча мындай деди:  “Кан тапшырган донор катары мен адамдардын түсүнө, расасына жана тилине карабайм, мен аны адам өмүрүн сактап калуу үчүн гана жасайм. Бейтаптар адам экенин унутпайлы, өзүбүздүн бир аз таза каныбызды тапшыруу менен кишилерге өмүр тартуулайлы”, - деди Мандана Хажариан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости