www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 28-апрелинде интернет желелеринде Равшан Жээнбековдун атынан Бишкектеги №1 тергөө изоляторунун администрациясы анын укуктарын чектеп, үй-бүлөсү жана достору менен кат алышуусуна жол бербей тургандыгы, ошондой эле кыйноолор жөнүндө кабарлаган. Анда Р. Жээнбеков ЖАМКнын жетекчилигине укуктук баа берүүнү суранган.  Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы NazarNews маалымат агенттигине төмөндөгүлөрдү билдирди. 
 "Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери камактагы Р. Жээнбеков менен маектешип, ал жеке өзү жазуу түрүндө түшүндүрмө берди. Түшүндүрмөдө Р. Жээнбеков пенитенциардык кызматтын жетекчилигине жана №1 тергөө изоляторунун администрациясына каршы кайрылуу жолдобогонун, ошондой эле камерада олтуруп, мындай кайрылууларды жасоого мүмкүнчүлүгү жок экендигин белгиледи.         
Жээнбековдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде сот жараяны учурунда Р. Жээнбеков өзүнүн адвокатынан туугандары менен кат алышуу мүмкүндүгү жөнүндө өзүнүн пикирин ЖМКга билдирип коюуну суранган. Бирок, адвокат мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, импровизацияга жол берип, Равшан Жээнбековдун атынан бүт мамлекеттик органды коомчулуктун алдында каралоого аракет кылды.       Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында камактагылардын арасында козголоң жаратуу үчүн ар тараптан аракет кылып жаткан адамдар жөнүндө маалыматтар бар. Социалдык тармактардагы терс жана провокациялык мүнөздөгү бул өңдүү кайрылуулар ЖАМКны коомчулукка каршы коюу максатын көздөп жасалып жаткандыктан, эң негизгиси өздөрүнүн атынан эмес, Р. Жээнбековдун жана башка соттолгондордун атынан жасалып, социалдык тармактар ​​аркылуу мүмкүнчүлүк алышат. Алар кыйын мезгилде Кыргызстандын элин алдап жатышат.

Бүгүнкү күндө СИЗО-1де пенитенциардык тутумдун аймагына COVID-19 кирүүсүнүн алдын алууга киргизилген мөөнөттөрдү түшүнүү менен кабыл алган 1200дөн ашуун адам бар.  ЖАМК тарабынан коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды башка адвокаттар, Омбудсмендин аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле камалгандардын жакындары да түшүнүү менен кабыл алууда",-деп айтылат билдирүүдө.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости