www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишимдер токтотулат. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине” өзгөртүүлөр сунушталууда. Мындай маалыматтар Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 24 – сентябрдагы олтурумунда тааныштырылды. Негизги баяндамачы - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова болду.
Талкууда депутаттар А. Касымалиева менен А.Самигуллина мыйзам долбоорунда жаш куракка карата басмырлоо болбошу керектигин айтышса, депутат А.Токторов болсо демилгени бир тараптуу карай бербөөгө чакырды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg