www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сентябрь айында “Түндүк электр” ААКнын райондук электр тармактарынын адистери Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустарындагы окуучуларга дагы бир ирет электр тогунун кооптулугу тууралуу эскертишти.
Жылда май жана сентябрь айларында акционердик коом тарабынан өткөрүлгөн балдардын электр травмаларын алдын алуу боюнча айлыгынын алкагында энергетиктер райондук элдик билим берүү бөлүмдөрүнө жалпы билим берүү мекемелерине профилактикалык-түшүндүрмө иштерин өткөрүүгө жардам көрсөтүү үчүн кайрылышкан.
Талкууларга “Түндүк электр” ААКнын энергетиктери электр приборлору менен колдонуунун негизги эрежелери, электр жабдууларынын жанына жакындоо коркунучтары тууралуу маалыматтарды жана “Электр жабдууларын туура колдонуу жана электр жабдууларына жакындоонун натыйжалары” тууралуу көрсөтмөлүү материалдарды даярдашты.
Электр тогу бар тосмолорго, трансформатордук көмөкчордондорго, бөлүштүрүү пунктарына жана башка электр курулуштарга кирүү, бузук электр орнотмолорду жана үзүлгөн зымдарды кармоо 16 жашка чейинки балдардын электр тарвматизмге кабылуусунун негизги себеби болуп саналат.
Окуучулар менен жолушуулардан сырткары, энергетиктер электр жабдууларга жакындоо коопту экенин калкка райондук басылмаларнан да эскертти.
Булак: NazarNews.kg