www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Эшме айылындагы 67 жыл мурун салынган №109 А.Муратов атындагы орто мектебинин имараты жараксыз абалда. Бул тууралуу Ош облусунун жетекчилиги билдирди.

Маалым болгондой, 5-январь күнү облус башчысы Жарасул Абдураимов Кара- Суу районунун аймагына иш сапары менен барган учурда жергиликтүү эл мектеп жараксыз абалга келгенин айтышкан.

«21-кылымда мындай мектепте балдар окуп жаткандыгы заман талабына жооп бербейт жана өтө кооптуу. Мен тийиштүү адамдар менен мындан да башка да облус аймагындагы 60тай авариялык мектептин абалы тууралуу сүйлөшкөм. Көрүп турасыздар каражат жок. Буга чейиники башталып бир нече жылдап токтоп турган имраттар курулуп бүткүчө жаңыларды баштай албайт. Ошондуктан бул маселе облус жетекчиси катары менин проблемам. Мен сырткы донорлор менен сүйлөшүп, бул жылы сөзсүз курулушун баштайбыз», - деп жооп берди Абдураимов.

Мектептин имараты 1953-жылы ашар жолу менен курулган. Бүгүнкү күндө мектепте 211 окуучу окуп, 20 мугалим эмгектенип келе жатышат. Мектептин имараты ашар жолу менен курулгандыктан курулуш талаптарына ылайык курулбай, 65 жыл аралыгында имараттын бир катар жеринен жаракалар пайда болуп, 2008-жылдагы Кара-Суу райондук жарандык коргонуу комиссиясынын актысы менен имаратты пайдалануу кооптуу деп табылган. Республиканын аймагындагы авариялык абалдагы 245 мектептин тизмесине кирип, жаңы типтүү мектептин курулушуна муктаж деп чечим чыккан.

Эшме айылында 189 кожолукта 1157 адам жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости