www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте активисттер жекшембидеги салттуу жүрүшкө чыгышты

7-февралда Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Уюштуруучулар акцияга кырктай адам катышканын кабарлашты. Алар адаттагыдай эле Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылды. Катышуучулар колдоруна Конституциянын сүрөтүн, мыйзамдуулукка чакырган жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты. Президенттик аппарат же өкмөт тараптан акциядагы талаптарга комментарий боло элек.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер, кээде парламенттеги айрым саясатчылар катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости