www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп жылдан бери көзү ооруп жүргөн 25 жаштагы  Айпери Акылбек кызынын жакындары жана "Мээр жазы" коомдук фондунун мүчөлөрү кайрымдуу элден жардам сурайт.

--“Урматтуу кыргыз калкы кызыбыз Айпери көп убакыттан бери көзү ооруп, ушул дарт менен алышып келет. Бир канча жолу чет мамлекеттерден операция жасаттык. Тилекке каршы жакшы жыйынтык болгон жок. Учурда дагы операцияга муктаж болуп турат. Дарыгерлер Түркияга барып жасатууну сунушташты. Ал жака барууга көп каражат сарпталат экен. Бирок бизде андай акча жок. Ошондуктан кайрымдуу элден, чет  жакта жүргөн мекендештерибизден жардам суроого муктажбыз. Андыктан кызыбыздын ден соолугуна кайдыгер карабайсыздар деп ишенебиз”, - дейт Айперинин жакындары. 

Эгерде кимде ким Айпери Акылбек кызына жардам берүүнү кааласа төмөндөгү телефондор аркылуу жардам берсе болот.

Кыргызстан боюнча: Элсом - 0776459977

Россия боюнча: Акжолова Чынаранын атына - 8953 780 66 28

Булак: NazarNews.kg

Последние новости