www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жарандары Россия менен Казакстандын ортосундагы чек арадан өтө албай, суукта талаада калып калышкан. Бул тууралуу маалыматты жолдо калган жарандар айтып, видеого тартып интернетке жарыялашты.  

--"Урматтуу кыргыз эли жана бийлик өкүлдөрү,  Сыймык Жапыкеев сиздерге кайрылабыз. Биз кыргыз жарандары Россия менен Казакстандын ортосундагы "Жайсаң" чек арасында өтө албай, күндүн суугунда калып калдык. Биз жүк ташуучу унааларды айдаган айдоочуларга жардамчы болуп жолго чыкканбыз. Бирок, алган документтер жасалма экени аныкталып, айдоочубуз өтүп кетти. Биз артка кайтарды. Ээн талаада жөө кетип баратабыз. Эмне кылаарыбызды, кимге кайрылаарыбызды билбейбиз. Документтерди Бишкектеги Кулуева көчөсүндө атайын документ жасаган агенттиктерге ишенип жасатканбыз. Алар баары алдап, мыйзамсыз иштешет Өлкөдө жумуш жок, үй-бүлө багалы деп, айдоочуга жардамчы болуп жолго чыкканбыз. Катуу суукта талаада калдык",- дешет жарандар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости