www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында октон каза болгон 30 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 6-февралда саат 20:40 чамасында белгисиз адамдан билдирүү түшкөн. Анда Нарын шаарынын Москва аймагында бир адамды атып кетишкени айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Нарын шаарынын 1996-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну кармалды. Ал күнөөсүн толугу менен моюнга алып, ИЖ-20 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар Лексус-GS300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Нарын шаарынын 1997-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда", - дешти мекемеден.

Маалымат катары, маркум С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Буга чейин ок тийип каза болгон жаран алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгону, окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости