www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык Delta авиакомпаниясы толкундаган сындар менен кагылышып олтурат. Учактын ичинде бир олтургучту бошотпой койгондугу үчүн бир үй-бүлөнү балдары менен рейстен алып ташташкан. Учактагы араздашуу Гавайидеги Мауиден Лос-Анжелеске уча турган  рейсте болгон. 8 мүнөттүк видеодо көрүнүп тургандай экипаждын мүчөлөрү Брайан Шир аттуу жарандан төлөнгөн орунду бошотууну өтүнүп жатышат. Бирок кийин Шир баланы колуна алып олтурууга макул болсо да, аны үй-бүлөсү менен учактан түшүрүп салышкан. Эки баласы менен турган ата эми кайда барарын билбей, башка рейс жок экенин айтканда, авиакомпаниянын кызматкери: “Эми сиз өзүңүз менен калдыңыз” деп койгон экен. Үй-бүлө учактан чыкканга аргасыз болуп, Ширдин айтуусу боюнча алардын олтургучтарына орунсуз турган төрт кишини олтургузушкан. Ширдин үй-бүлөсү эки баласы менен мейманканага түнөп, эртеси гана учууга туура келген. Видео чыгып кеткенден кийин Delta кечирим сураган катын жөнөтүшкөн.

Мындан мурда ызы-чуунун борборунда United Airlines авиакомпаниясы калган, алар да жүргүнчүнү учактан түшүрүп салышкан эле. Апрель айында “овербукинг” болду деп – билет сатып алган жүргүнчүлөрдүн бардыгы батпай калганда, 69 жаштагы догдур Дэвид Даону күч менен учактын салонунан сүйрөп чыгышкан. Кийин жүргүнчү сотко кайрылып, бирок иш компенсация төлөө менен аяктаган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости