www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиянын жээгиндеги Ниццадан 50 метр алыстыкта деңизден 250 килограмм салмактагы бомба табылды, -деп билдирет Nice Matin гезити. Ал жерде археологиялык изилдөө жасап жаткан адис тапканын дароо жергиликтүү бийликке билдирген. Жарылуучу затты ал 12 метр тереңдиктен таап алган. Бомбанын кайдан пайда болгону тактала элек. Балким Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калып калышы мүмкүн. Бомба табылган жердин айланасында кемелердин жүрүүсү токтоп, ага жакын жээкте эс алып жаткандарды эвакуация кылышты. Чакырылган жардыруучу зат боюнча техниктер эми аны акырын коопсуз кылышмакчы. Бомбаны ачык деңизге алып чыгуу мүмкүн болбосо, анда бийлик Ниццанын эл жөө сейилдөөчү башкы көчөсү-  Кур-Салей бульварындагыларды да коопсуз жерге алып чыгышы мүмкүн, дейт басылма.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости