www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-июлга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкысы келерин билдирип 34 саясий партия кайрылды. Булардын басымдуу бөлүгү 7-июль күнү кайрылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Алгачкылардан болуп шайлоого катышуу ниетин «Мекенчил» жана «Ата Мекен» партиялары билдиришкен.

Боршайкомдун маалыматы боюнча парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.

Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтышы зарыл.

Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости