www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Башкы метеорологиялык башкармалыгы нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен өлкөнүн түштүк-батышындагы үч префектурада коркунучтун эң жогорку деңгээлин жарыялады. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирди.

Кюсю аралынын түштүк-батышындагы Фукуока, Сага жана Нагасаки префектуралары эң жогорку коркунуч деп жарыяланды. Айрым аймактарда бир эле сааттын ичинде 110 миллиметрден ашык жамгыр жаады. Жер көчкү жана турак жайларды суу каптоо коркунучу жогору. Дагы сегиз префектура жер көчкү коркунучу астында калды.

https://im-media.voltron.voanews.com/Drupal/01live-166/afp-image/2020/07/f756724a4624d52cd042911ae493e13f2105fc0e.jpg

Синоптиктердин айтымында, жакынкы күндөрү Кюсюнун түндүк бөлүгүндө 250 мм жамгыр жаашы күтүлөт. Кюсю жана Сикокунун түштүгүндө 180-200 мм жаан жаашы күтүлөт. Учурда Сикокудагы Эхиме префектурасында жана Кюсюдогу Оита префектурасында 350,000 адамды эвакуациялоо сунушталууда.

https://strana.ua/img/forall/u/11/52/EcCYdYBUcAEEuOq.jpg

Буга чейин Жапониянын түштүк-батышында катуу жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкындары башталды деп кабарлаганбыз. Натыйжада адамдардын үйлөрү суу астында калган. Азырынча 50 адам набыт болду, үчөө оор абалда, 11 адам дайынсыз. Кюсюда куткаруучулар жана 10 000 аскер кызматкери иштеп жатышат. Нөшөрлүү жаан түштүктөн түндүккө жылып жатат. Азыр Кюсю гана эмес, Жапониянын башкы аралындагы Сикоку жана Хонсю дагы катуу жаандан жана суу ташкындап жатышат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости