www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7 партиянын өкүлдөрү БШКнын алдына митингге чогулушту

Бүгүн, 12-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 саясий партиянын митинги өтүп жатат. Алар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары менен макул эмес экенин айтышууда.

Тактап айтканда «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу журт», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Кыргызстан социалисттик партиясы», «Тынчтык», «Улутман» жана «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын өкүлдөрү тычтык митингин өткөрүп жатышканын билдиришти.

«Кыргызстан коммунисттер партиясынын» мүчөсү Амантур Манапбаевдин айтымында, митингге жарандык активисттер дагы келишкен.

«Биз Бишкек шаардык кеңешин шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылабыз», - деди ал.

Манапбаев 7 пайыздык чектен өткөн партиялар тарабынан мыйзам бузуулар байкалганын, тактап айтканда добуштарды сатып алышканын кошумчалады. Ал митинг мөөнөтсүз экенин, алардын пикирин «Бийлик элге» партиясы дагы колдоп жатканын белгиледи.

Ал эми «Улуу журт» партиясынын өкүлү Анарбек Катаганов референдумдун жыйынтыгына каршы эмес экенин айтты.

«Ал жакта добуш сатып алуу болгон жок, бирок шаардык кеңештерди шайлоодо добуш сатып алуу болду. Бул шайлоону жокко чыгарыш керек», - деди ал.

Ошондой эле митингчилер 7 пайыздык чектен өтпөй калган партияларды кошулууга чакырышты.

Партиялардын өкүлдөрү президентке, башкы прокурорго жана БШКнын төрайымына кайрылуу жасашты.

«Кыргызстан коммунисттер партиясынын» төрагасынын орун басары Ырысбек Тойбеков эгерде БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарбаса, анда борбордук аянтка чыгышарын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости