www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнесин айтасың ... Силер билесиңерби? Көпчүлүк милиция бөлүмчөлөрдө жөнөкөй түстүү сканерлер жок. Милициянын кылмыш болгон жердеги оперативдүү тартылган сүрөттөр коомчулука чыгып кеткен жагдайлар көп. Себеби, көпчүлүк милиция бөлүмчөлөрдө түстүү сканерлер жок. Оперлер компьютердик кызмат көрсөткөн жерден сүрөт чыгарышат. Мына ошондуктан ар бир милиция бөлүмүнүн техникалык базасын карагыла, - деди белгилүү журналист Эльнура Кулуева.

Ага кошумча эл өкүлдөрүнө Кайрылуу жасады.

Урматтуу эл өкүлдөрү, силер парламенттин трибунасына милицияларды чакырып алып, бирден такалап оболу техникалык базаңар кандай? – деп, сурагыла. Уюлдук байланыштын базасын алуу үчүн сотко, прокуратурага уюлдук компанияларга көз каранды кылбагандай мыйзам кабыл алгыла. Бюджетти карап жатканда ИИМдин техникалык базасына акчаны аябагыла. Бензинди өздөрү куят, баракты өздөрү алат, сүрөттү өз чөнтөгүнөн чыгарышат ал тургай олтура турган үстөлдөрү да жок.

Кыргыз милициясына болгон мамиле ушундай. Жанагы кыйкырган бейөкмөтчүлөрдөй алар, 2 миң доллар айлык алышпайт. Пикетчилердей 40 мүнөт кыйкырып үйлөрүнө кетип калышпайт. Алар күнү-түнү, ысык-суукта, жаанда шөмтүрөп көчөдө турушат. Интернеттен таанышып, ата-энесинин сөзүн укпай ээрчип кеткен кыздарды издешет. Күйөөсүнө, кайненесине калпты айтып дайынсыз жоголгон келиндерди, аялын сабаган зөөкүрлөрдү, бирөөнүн союздан калган норка тумагы жоголсо, баласын карабай интернет чукуп же айылчылап кеткен аялдын жоголгон баласын издешет. Анан ким күнөлүү... милиция күнөлүү... – деди эл өкүлдөрүнө Эльнура Кулуева.

Эске сала кетсек, 2019-жылы милициялардын колу-бутун тушаган мыйзамды ЖКтин азыркы чимкирик эл өкүлдөрү кабыл алып берген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков колдонуудагы мыйзамдар жана бюрократия милиция кызматкерлерин уурдалган Айзада Канатбекованы өз убагында сактап калууга жолтоо болду деп коңгуроо какты.

Анын айтымында, оор кылмыштар үчүн ыкчам кызматтын кызматкерлерине уюлдук байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Бул бюрократия ыкчам кызматтын кызматкерлеринин колун байлап жатат. Алар тергөө кызматынын буйругу жок эч нерсе жасай алышпайт. Протокол, эч кандай документ түзө алышпайт.

Тергөө боюнча тапшырма алып же тергөөчүнүн өзү келмейинче, жадагалса окуя болгон жерге текшерүү да жүргүзө албайт. Буйрук келишин күтүп отуруу керек болот. Тергөөчүлөр болсо кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилгенден бери ар биринин иштери көбөйдү.

Ошондой эле уюлдук компаниялардан тиешелүү маалыматты алуу үчүн соттун санкциясын алуу керек. Мындан сырткары прокурор кол коймоюнча, ишти сотко өткөртүү кыйын. Ал убакта кылмышкерлер көздөгөн максатын толугу менен ишке ашырганга жетишет. Бардык кодекстер жана мыйзамдар көптөгөн бюрократияны пайда кылды, - деди Жумагазиев. 

Милицияга каршы мыйзам кабыл алган ЖК эл өкүлдөрү кайсы "бетон беттери" менен ИИМге суроо берет түшүнүксүз. Же болбосо ИИМ, мыйзамды кабыл алган эл өкүлдөрүн сотко берип, милициянын аброюн түшүргөндүгү үчүн азыркы бийлик депутаттарды жоопко тартышы керек. Кыскасы, "элин коргойт" деген милицияны “чолок” кылган мыйзамды кабыл алган үчүн ЖКтин эл өкүлдөрү “99” же “101”...

Баса, Айзаданын өлүмүнөн кийин ИИМдин бир нече кызматкерлери жумушсуз калды. Азыркы тапта РФ мыкты генералдарын, ЦРУнун "менмин" деген кишилерин алып келип ИИМге кызматка койсо дагы эч нерсе кыла алышпайт. Анткени мыйзам ага жол бербейт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости