www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда «Коопсуз шаардын» камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.

Ал аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

«Айзаданын (Канатбекова — ред.) трагедиялуу окуясы баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Тилекке каршы, бул жалгыз гана мисал эмес. Акыркы кезде жаңылыктардан мектеп окуучуларынын урушу, аялдардын кордолушу, жашы жете электердин зордукталышы тууралуу гана окуп калдык. Бүгүн биз бул нерселерди алдын алуу үчүн аракеттерди кылышыбыз керек», — деди Новиков.

Новиков ала качуу боюнча жазаны күчөтүп, адам уурдоо беренесине теңөөнү сунуштады. Ал кагаз жүзүндө көптөгөн концепциялар, стратегиялар иштелип чыкканы менен турмушта колдонулбай келгенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости