www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Орусия Түркияга аба каттамдарды токтотту

Орусия бийлиги Түркияга аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу 12-апрелде өлкөнүн вице-премьери Татьяна Голикова маалымат таратты.

«Орусия 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия менен Танзанияга аба каттамдарын токтотту», - деп Голикова айым билдирди.

Анын айтымында мындай чечимге Түркия менен Танзанияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болгон.

Эгерде Түркияда эпидемиологияык кырдаал жеңилдесе, анда орусиялык туристтерге Түркияга барууга кайрадан уруксат берилээри кошумчаланган.

Ал эми 1-июнга чейин Стамбул-Москва багытында аптасына эки каттам каралган болчу.

Айтмакчы, Түркиянын туристтик аймактарында эң көп эс алган чет элдиктердин ичинен орусиялыктар биринчи орунда турат. Былтыр бул өлкөгө эки миллиондон ашык орусиялык турист келген.

Бирок Түркияда коронавирус менен ооругандар кескин көбөйүп, 30-марттан тарта өлкөдө карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилген.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 14-апрелден баштап өлкөдө кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты калайык өзү менен кошо ала кеткенге гана уруксат берилет.

Ошондой эле, Oрозо айында «ооз ачтыруу» жөрөлгөсүн көп киши чакырып өткөрүүгө тыюу салынган.

Өлкөнүн 83 миллион калкынын 19 миллионго жакыны коронавируска каршы вакцинанын алгачкы ийнеси менен эмделди.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 12-апрелде Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 34 182 кишиге жетти.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар 3,903,573 киши, айыгып чыккандар 3,372,629 киши болду. Соңку күн-түнү 54,562 коронавирусту жугузуп алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости