www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат

Кыргызстанда ЖОЖдор менен кесиптик орто билим берүү мекемелери бир жылда абитуриенттерди эки ирет кабыл алышы мүмкүн. Бул боюнча токтом долбоору өкмөткө жөнөтүлгөнүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга катара министрликтин программасы менен тааныштырып жатып айтты.

«Кесиптик билим алууну мурдагыдан дагы жеткиликтүү кылуу үчүн окуу жайлар абитуриенттерди бир жылда эки ирет кабыл алсын деп жатабыз. Бул тажрыйба көптөгөн чет өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келе жатат», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле, ал ЖОЖдорго студенттерди мурдагыдай бир гана багытта окутпастан, бири-бирине шайкеш келген бир канча кесипти кошуп үйрөтүү тапшырмасы коюлуп жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости