www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир топ жыл мурун болгон окуя. 

Айылдан Бишкекке баратып, "бензинге жардам болсун" деген ойдо карыган абышка менен кемпирди машинеме салып алдым. Машина жылгандан баштап эле тиги кемпир абышканы уруша баштады "башы жок, галдир, көк мээ, карыганда калжаңдабай жөн эле жүрбөйсүңбү" деп. Мен чыдабай сөзгө аралаштым "ай эне, мынча эмне болду, жолдо тынчыраак кетели эми" деп. Анан кемпир чыдабай жарылды, иштин чоо жайын айты берди. 

Отурган кемпир 65 жашта экен, тиги абышканын бир тууган карындашы болот экен.
"Акем жетимишке чыкканда кемпири кайтыш болду. Айылдан кемпир таап алып берип койолу деп 2-3 кемпир тапсак "аларды албайм" деп чанды. Өзү бир жактан өзүнүн кызынан да кичүү 35 жаштагы бир келинди таап, ошону алды. Ал келин келээри менен акемин малын чекесинен саттыра баштады, 5-6 сыйра кийинди, тишинин баарын алтын кылды. Жанагы келин "ушинтип жата бермек белек, айылга дүкөн ачалы, мен соода кылайын, базарга чыгайын, акчаны көбөйтүп элдикиндей заңгыраган там салалы, машине алалы" деп акемин башын айлантып, 8 жылкысын саттырып, "Бишкектен товар алып келем" деп акчанын баарын алып кеткенден бери дайыны жок, телефону өчүк, бир жарым ай болду. Акем ошол жаш аялын издеп жөнөп калыптыр, мен да кошулуп алдым. Шаарда ал келиндин аталаш акеси бар, анын үйүнүн телефону да бар, чалсак келген жок деп атыры. Баягы пулдун баарын жок кылды да ал куу тумшук" дейт кемпир.

Тиги абышка "мага акчанын деле кереги жок, ал келинди тапсам болду. Уулум, мага ошол келинди таап берсең короомдон каалаган койду алып кете бер" дейт. Аны уккан кемпир андан бетер албууттанат.

Караңгы киргенде Бишкекке кирип бардык. Баягы шаардагы аталаш агасынын шаардык телефонуна чалсам бир жаш келин алды:

-Ало, мага баланча деген келин керек эле

- Мен угуп атам айта бериңиз.

- Мен таксистмин. Айылдан баланча деген абышканы алып келдим эле, дарегиңизди айтып койосузбу?

- Ал кишини каерден алып келсең ошол жерге алып барып кой. Экинчи бул номерге чалбагыла,- деп телефонду коюп койду.

Кызык эми башталбадыбы, "бул карыган кемпир чалды каерге таштайм эми" деп башым катты. Баягы номерге жүз жолу чалдым, кыска гудок. Бир сааттай убакыт өттү, "дагы бир чалайынчы, болбосо үйгө алып кетем" деп чалсам "алё" деген тестиер баланын үнү чыкты.

- Атаң каякта?

- Атам командировкада.

- Атаң силерге бир нерсе берип жиберди эле, дарегиңерди таппай атам.

- Баланча көчө, түкүнчөнчү үй, бастанчанчы квартира.

Учкан бойдон айткан дарекке жеткиздим да, артымды карабай үйгө жөнөдүм.

Бектемир Төлөн

Булак: NazarNews.kg

Последние новости