www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Ысык-Көлдүн Темир айылында "Карагат" фестивалы өтүүдө деп билдирет NazarNews.kg маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен.
Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тургуну Рая Төлөгөнова быйыл дагы ак, кызыл, кара карагаттары, жарым карлик алма, абрикос, шабдалысы менен «Карагат фест» иш-чарасына катышмакчы. Анткени Рая жетектеген«Барскоон мөмө-жемиш питомник кооперативи»акыркы жылдары Польшадан, Россиядан алынып келинге карагаттын 5 сортун, малинанын 2 сортун көчөтүн жайылтуу менен иштеп жатат. Агрономияда 40 жылдык тажрыйбасы бар чарба жетекчиси КАРАГАТ+ программасы менен иштешип, 4 жыл аралыгында эки долбоорду ишке ашырып, элге 80 миңге жакын көчөт сатканын айтат. Питомник даярдаган көчөттөрдүн алды Жалал-Абад облусуна чейин сатылган, андан тышкары, Чүй, Талас, Нарын облустарынын дыйкандары алып өстүрүп жатышат.
«Айрым чарбалар бизден көчөт алып 1-2 гектарга чейинки аянтка карагат отургузуп жатышат. Биз долбоор боюнча алган көчөттөрдөн калемче отургузуп, аларды көбөйтүп таркатуу менен иштеп жатабыз. Иштин жыйынтыгы жаман эмес. Карагаттан тышкары Польшадан келген алмалар дагы өзүн жакшы көрсөтүп жатат. Алар көп оору-сыркоого туруктуу экенин көрсөттү. Андан тышкары, жергиликтүү алма сортторун дагы энелик катары сактап, алардын калемча өстүрүп көбөйтүп жатабыз», - дейт Рая Төлөгөнова.
Булак: NazarNews.kg