www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районунда 70 жаштагы аялды карактоого шектүү кармалды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
70 жаштагы жашоочунун үйүнө бейтааныш маскачан адам кирип улгайган аялга бычак такап, кокутуп анын акча каражатын жана зер буюмдарын алып окуя болгон жерден из жашырып кеткени маалым болгон.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Каатталган кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Аламүдүн районунун ИИБдүн жана Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы каракчылыкка шектелип, 37 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу А.С. аттуу жаран кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, кармалган жаран буга чейин жабырлануучун үйүн сатып алуучу кардар катары кирип, үйдө улгайган аял баласы менен жашаарын жана баласы көбүнчө жумуштар менен үйүнө турбаганын билген.
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg