www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 23-февралында саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деген ысым менен тааныштырган адам, саат 16.00 Бишкек шаарындагы соода борборлордо теракт болот деген маалымат берген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефончалган адам Бишкек шаарында1990-ж.т. Тагир Султанбеков аттуу КР жараны экендиги такталды. Ал 2013-жылы Бишкек шаардык Биринчимай райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 167-беренеси (тоноо) боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган.
2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 170- (пара талап кылуу) жана 228-беренелери (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттологон. 2017-жылы №3-түзөтүү колониясында отурган учрунда терроризм актысы туралуу телефондон жалган маалымат берген. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып №1-түзөтүү колониясында (Молдовановка а.) жазасын өтөп жатат.
Султанбеков Тагир сурак учурунда, айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алып,№1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат КР УКМК эскертет, террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Булак:NazarNews.kg