www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«75 иши» боюнча сотто Жогорку Кеңештин кызматкерлери күбө катары көрсөтмө беришти. Алардын айтымында, кат парламентке 10–11-февралда келип түшүп, кийин каттоодон өткөрүлгөн.
Күбөлөрдүн бири Майрамгүл Таштанова документте дарек ээси көрсөтүлбөгөндүктөн аны дароо каттоо мүмкүн болбогонун айтты. Анын айтымында, бөлүм башчысы телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин катка дарек ээси кол менен жазылып, андан соң катталган.
Жогорку Кеңештин дагы бир кызматкери Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери Аида Мамбетованын айтымында, кат 13-февралда комитеттин бөлүмүнө келип түшүп, 18-февралда күн тартибинен алынган.
«Адегенде кат төраганын орун басары Чыңгыз Ажибаевге түшкөн, андан кийин комитетке жөнөтүлгөн. Мен катты кыскача окуп чыккам. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жазылган», — деди ал.
Маалыматка караганда, катты Жогорку Кеңешке Эмиль Узакбаевдин айдоочусу алып келген.