www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы институту Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын турмуш куруусу жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу азайбай жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын тогуз айында эрте никеге байланыштуу 34 кылмыш иши козголуп, 94 адам жоопко тартылган.
Баяндамада көпчүлүк учурларда жашы жете элек кыздар ата-энелеринин жана жакындарынын кысымы менен турмушка чыгары белгиленген. Ошондой эле өспүрүм кыздардын төрөгөн учурлары катталып, алардын никеге тартылганы көбүнчө кош бойлуу болгондо же төрөгөндөн кийин гана аныкталып жатканы айтылды.
Акыйкатчы бул жагдай эрте никенин алдын алуу боюнча иштер жетиштүү деңгээлде натыйжа бербей жатканын көрсөтөрүн белгиледи. 2024-жылы өлкөдө 353 өспүрүм кыз төрөгөнү маалымдалган.