www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алтынбек Дурусбекович Рысбеков Кыргыз Республикасынын энергетика министри болуп дайындалды.

Документте Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Рысбеков буга чейин ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, энергетика тармагындагы министрлик кызматка расмий түрдө бекитилгени көрсөтүлгөн.

Жарлыкка ылайык, Алтынбек Рысбеков мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу жоопкерчилиги ага жүктөлдү.

Белгилей кетсек, энергетика тармагы өлкөнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат жана жаңы министрдин алдында бир катар маанилүү милдеттер турат.

Последние новости