www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарындагы тарыхый музейде жүргүзүлүп жаткан толук реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 млн сомду түзөт.
Реконструкциялык иштерди Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда.
Учурда объектте демонтаж иштери толугу менен аяктап, негизги оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.
Министр Нурдан Орунтаев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, тарыхый-архитектуралык мурастарды сактоо, реставрация иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү жана бардык иштерди белгиленген графикке ылайык өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал музейди заманбап маданий жана туристтик борбор катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Башкы планга ылайык, музей комплекси жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн үч корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ички жасалгалары жаңыланып, архитектуралык көрүнүшү жакшыртылып, инженердик тармактар толук модернизацияланат.
Азыркы тапта объекттин айланасын тосмолоо иштери жүрүп жатат, ошондой эле тазалоочу курулмалар орнотулду.
Долбоор аймактык инфраструктураны жакшыртууга, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.