www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дин кызматкери мүрзөдөгү ишин бүтөйүн деп калды. Бул убакта 50 жыл чогуу жашаган жубайынан айрылган 78 жаштагы адам: “Аны кандай жакшы көрөөр элем” деп ычкыра-ычкыра ыйлап жаткан эле. Карыянын кайгылуу үнү мүрзөгө келгендердин тынчтыгын бузуп, ал жакка келген башка туугандар, достору таң калып турушту. Эр жетип калган балдары атасын сооротууга аракет кылып: “Сизди түшүнүп турабыз, ата. Кайрат кылсаңыз”. Карыя болсо дале табыттан көзүн албайт.

Табыт коюлуп, карыядан башка үйбүлө мүчөлөрү топурак чачууга өтүштү. Карыя дагы деле: “Аны кандай жакшы көрөөр элем” деп катуу үн менен сүйлөнүп атты. Кызы менен эки баласы токтотууга канча аракет кылышпасын, сөзүн уланта берди. “Аны сүйөөр элем!”

Эл тарай баштады, карыя кетүүнүн ордуна мүрзөнү карап отура берди. Дин кызматкери келип: “Абалыңызды түшүнүп турам, бирок кетишиңиз керек. Бияктан кетип, жашооңузду улантышыңыз керек”, -деди. Карыя үмүтсүз гана “Аны ушунчалык жакшы көрөөр элем” деп дагы бир жолу айтты. “Мени түшүнгөн жоксуз” деди кызматкерге карап: “Бирок мен муну ага бир эле жолу айтыптырмын”.

Кагылмайынча коңгуроо – коңгуроо эмес.

Ырдамайынча ыр дагы – ыр эмес.

Сүйүү ичибизге сактоо үчүн жаралган эмес.

Адамдарга бергенибизде гана сүйүү – сүйүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости