www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-акыйкатчы “Келечекке жол” Элдик Кеңешинин төрагасы, белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун менен премьер-министрдин анын кээ бир жакшы сапаттары жана ишин артка тарткан жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Турсунбек агай, кыргызда ашууда ат алмаштырбайт деген жакшы сөз бар. Бирок, биз пандемия мезгилинде да Премьер-министрди алмаштырууга аргасыз болдук. Оор мезгилде жоопкерчиликти моюнга алган Кубатбек Бороновдун иши купулуңузга толобу? Ал киши иштин көзүн таптыбы же мурунку өкмөттөй эле сындан башы чыкпай калдыбы?

-Өкмөт канчалык аракет кылганына карабастан, кээде кемчиликтерди да кетирип жатат. Айрыкча пандемия учурунда даярдыктын начардыгынан  бир министр, бир вице-премьер-министр кызматтан кетип, бирөөсүнө кылмыш иши козголду. Ошондой оор мезгилде Кубатбек Айылчиев эки чылбыр бир тизгинди колго алып, колунан келишинче иштеп, илдетти жеңүүгө болгон аракетин жумшап, экономиканы жогорулатуунун айласын издеп жатат. Азыркы премьер-министр Кубатбек Боронов баардык жагынан купулума толот, төгөрөгү төп келет деп айталбайм. Бул кишинин да башкалар сыяктуу эле артыкчылыгы да, кемчилиги да бар. Кубатбек Айылчиевич кыргыз өкмөтүндө көп жылдан бери иреттүү, системдүү иштеп келе жаткан мамлекеттик кызматкерлердин бири. Бул кишинин артыкчылыгы мактанбайт, башкалар сыяктуу төш какпайт, сабырдуу, көтөрүмдүү,  качан болбосун тыным албай кара жанын карч уруп күнү-түнү иштейт. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык саясий күчтөргө бирдей мамиле кылат. Түндүк-Түштүк деген  регионалдык бөлүнүүгө жол берген уруучулук сезимдери жокко эсе десек болот. Кубатбек Айылчиевичтин дагы бир мактоого татыган жеримурдагы премьерлерге салыштырмалуу артынан ээрчиген жаманатты же каралаган сөздөр жок. Болгон кемчилиги командасынын начардыгы десем туура болот. Командасынын начардыгынан эл күткөндөй жыйынтык болбой жатат.

-Пандемия менен күрөшүүдө мактоого татыган иштери болдубу же жооп бере турган иштери көп болуп калдыбы?

-Пандемияда баштан аяк ыкчам түзүлгөн штабдын башында турду. Күнү-түнү иштешти. Маселен, 18-мартта биринчи орулуу адам пайда болсо, 22-мартта өзгөчө кырдаал,  25-мартта өзгөчө абал киргизилди. 25-марттан баштап эки ай карантин болду. 2 ай тыным албай иштеди. Эгер ошол мезгилде эки ай карантин киргизбегенде Кыргызстандын абалы мындан да оор болмок. Кыскасы, абалды курчутпай, чечүүгө болгон аракетин жумшады. 20 миңден ашуун мигранттар самолёт, автобус менен алынып келинди. Кырдаал курчуганда канчалаган стационарлар курулду. Кемчиликтер болсо да, канчалаган врачтарга кам көрүлдү. Кошумча төлөмдөрдү бердиртти. Кыскасы, илдет менен күрөшүүдөгү жакшы иштердин башында Кубатбек Айылчиев турду. Ошон үчүн бул кишини премьер-министрликке дайындап жатканда депутаттардын көпчүлүгү иштин көзүн таба билгенине жана баштаган ишти аягына чыгара билген сапатына  басым жасашты.

-Айтканызга ынаналы, жакшы жагын да көрө билгенге аракет кылалы. Бирок, бул кишини аксаткан, ишин артка тарткан да жагдайлар бар. Премьер-министр эмнеден аксап жатат деп ойлойсуз?

-Кадрлардын көпчүлүгү иштин көзүн тапкан профессионал эместигинен аксап жатат. Союз тарап кеткенден кийин кадрлардын үстүнөн иштөө, аларды өстүрүү, тарбиялоо окутуу бизде жокко эсе болуп калган. Ошондуктан кадр маселесинен аксайт. Парламенттик башкаруунун шарапаты менен 10 жылдан бери жогорку звенодогу, орто звенодогу, өкмөт мүчөлөрүн да коалицияга кирген партиялар тарабынан сунуштала турган болуп калды. Ошон үчүн да жооптуу кызматтарга профессионал эмес кадрлар тартылып жатат. Анткени, коалицияга кирген партиялар адискөйлөргө эмес, эмнеси болсо да менин партиялашым, ошол кызматты аркаласын деген кызыкчылыкка басым жасап калышты. Ошолордун айынан министр, комитеттин төрагалары, агентствонун башчыларына татыксыз кадрлар келди. Кыскасы, Премьерди иштин көзүн таба албаган, тажрыйбасы аз, татыксыз кадрлар аксатып жатат. Ушул жагын эске алганда  компетенттүү чоң даражадагы жетекчи катары Кубатбек Айылчиевичке эч кандай сын айтууга болбойт.

-Шайлоого катышабыз деп кызматтан кеткен министрлер боюнча кандай ойдосуз. Алар элдин элегинен өтүп келели деп туура кылыштыбы же мандатты көксөп орунсуз ишке жол бериштиби?

-Шайлоого катышабыз деп кээ бир министрлер кызматын өткөрүштү. Элдин элегинен өтөбүз дешкени менен эмнегедир иштеп аткан кызматын таштап, шайлоого аттанганын мен туура көргөн жокмун. Министр болуп келдиби, шайлоону ойлонбой иштеши керек. Шайлоого кеттиби кайра министр болуп келем дебеши керек. Шайлоо артыкпы же министрлик артыкпы алгач  ошону чечип алышы керек. Айтайын дегеним, шайлоого кеткен министрлердин айынан ошол тармактагы иштер аксап калат.

-Кубатбек Боронов өзүн  премьер-министр катары көрсөтө алдыбы же мажирөөлүк кылып жатабы?

-Кубатбек Айылчиевич кыска аралыктын ичинде көп иштерди жасай алды. Ошондой эле айткан сөзүнө турган премьер-министр экенин далилдеп, аз сүйлөп, көп иштеген премьер экенин көрсөтө алды. Айрыкча элдин баары шайлоо деп дүрбөп жаткан дагы пандемиянын убагында шалаакылык кылбаш керектигин эскертип, ооруу басаңдап калганы менен көңүл коштук кылбаш керектигин баса белгилеп, жаңы толкуну пайда болушу мүмкүн экендигин айтып, элди жүүнүңөрдү бошотпой жаңы толкундан сак болуп, гигиенаны сакташ керек деп айтканы да мактоого татыйт. Кыскасы, Кубатбек Айылчиевич премьер-министр болуп келгени өкмөттөгү иштер кандайдыр бир деңгээлде ордуна коюлду. Башка премьер-министрлерден иштин көзүн билгени жана так тапшырма бергени, популист эмес экендиги менен айырмаланды. Ошон үчүн пандемия мезгилинде дагы эки чоң оорукана жана дээрлик бардык облустарда ооруканалар оңдолуп, кайра салынып иштер жигердүү жүрүп жатат. Өзү, орун басарлары барып текшерип ишти тыкыр көзөмөлдөп жатышат. Баса, менин Премьер-министр боюнча өзгөчө оюм бар. "Эгерде бир партия жеңип парламентте көп добуш алып келсе, анда ошол партиянын талапкери Премьер-Министр болушу мыйзамдуу болот. Мен да ошону каалайм. Бирок партиялар парламентте бирдей эле добуш алып Премьер шайлай албай ит жыгылыш болгон учур болсо, абалды курчутпай эле Кубатбек Айылчиевичти шайлап алышса болот.

-Айрымдар бул сунушуңузду кызмат үмүт эткендей же кошомат кылгандай кабыл албайбы?

-Чынын айтсам бул кишиге туугандыгым же жердешчилигим жок. Болгону, премьердин ишин учурунда баалаганды билели деген ойдо айтып жатам. Сындап, каралай берсек эч ким бизге мыкты премьерин бербейт. Тескерисинче, мактап, иш билгилигин айтсак, мындан да жакшы иштөөсүнө стимул  болот. Элим эмгегимди билип жатат деп талыкпай жүрөгү менен иштейт. Укук коргоочу катары ишин көрүп, билип турганым үчүн айтып жатам. Кошомат кылып жагалданайын деген максатым, кызмат алайын деген оюм да жок. Болгону, жылуу сөзүбүз менен премьердин мындан да жакшы иштешине өбөлгө түзөлү, жакшы  сөзүбүздү аябайлы деген эле ойдо айтып жатам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости