www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда аялын урган эркек камакка алынды

Аксы районунун Кербен шаарында 33 жаштагы аялды сабаган деген шек менен күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 26-августта саат 7:30 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынын 103 кызматынан райондук милицияга аялдын токмоктолгону жөнүндө кабар түшкөн.

Милициянын тергөө ыкчам тобу ооруканага жана окуя болгон жерге барып, топтолгон материалдардын негизинде иш Жоруктар кодексинин 75 -беренеси (“Үй-бүлөдөгү зомбулук”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Шектүү тергөө абагына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости