www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Букмекерлердин баамында, кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттеше турчу бразилиялык Женнифер Майянын жеңишти камсыздоого мүмкүнчүлүгү өтө эле аз.
Майя менен Шевченко UFC 255 турниринин алкагында 21-ноябрда (Бишкек убактысы боюнча 22-ноябрда) кармашат. Мелдештин өтө турчу жери айтыла элек. Анда кыргызстандык спортчу жеңилирээк салмактагылар арасында чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргомокчу.
"Марафонбет" букмекердик конторасы мындай коэффициенттерди койгон: кыргызстандык спортчунун жеңиши үчүн — 1,068, бразилиялык мушкер үчүн — 9. Ал эми Favbet конторасында коэффициенттер бир аз айырмаланат: 1,08 жана 9,5.
Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.
Буга чейин Валентина катыша турчу турнирде анын эжеси Антонина Шевченко дагы күч сынашары айтылган. Анын атаандашы бразилиялык спортчу Ариана Липски болмокчу.
Булак: NazarNews.kg