www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 31…36;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…24, күндүз 32…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 34…36 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости