www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№1 абактын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкер бүгүн, 7-август күнү саат 09:50 чамасында кармалган. №1 абактын көзөмөл өткөрүү пунктунда мекеменин медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы Т.З. аттуу кызматкери кармалды. Аны текшерип-кароо жүргүзүү учурунда анын колундагы эки даана баштыктын ичинен өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү, салмагы болжол менен 2 килограмм 975грамм баңги зат табылган.

Азыркы учурда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКнын тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости